Кыргызстанда санарип технологиясы бардык тармактарга кирди
Новость

Санарип технологиясынын өнүгүшү адамдын жашоо образын түп тамырынан өзгөртөөрү анык болуп калды. Мамлекеттик башкарууну сапаттык баскычка көтөрүү, ишкер чөйрөсүн заманбап өнүктүрүү, кызмат көрсөтүүлөрдөгү сапаттык өсүш-мына ушунун бары санарип саясатына тыгыз байланышкан. 21-кылымда адам баласын өнүккөн технологиясыз элестетүү мүмкүн эмес. 

Санариптештирүү саясаты турмуштагы күнүмдүк-тиричилик маселесинен тартып мамлекеттердин өнүгүү багыттарын да аныктап келет. Кыргызстанда санарип технологиясынын бардык тармактарга кирип жатышы көп тармактарда чырмооктой чырмалышып калган коррупцияны ооздуктоого жакындан жардам берет деген үмүттөр бар.