Самат Курманкуловдун дарылануусуна каражат бөлүндү
Новость KTRK/videograp

Өкмөт Чүй облустук милициясынын Москвада дарыланып жаткан башчысы Самат Курманкуловдун дарылануусуна 3,5 млн. сом бөлөт. Тиешелүү буйрукка Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 19-декабрда кол койгон. Каражат Саламаттык сактоо министрлигинин ушул жылдагы бюджетинен каралган. 

Самат Курманкулов Кой-Ташта 7-8-август күндөрү мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясынын учурунда башына таш тийип, оор жаракат алган. Бир нече күн бою комада жатып 12-августта Москвага которулган. 

Эске салсак, Президент Сооронбай Жээнбековдун жарлыгы менен Курманкулов «Эрдик» медалы менен сыйланган. 11-ноябрда ички иштер министри Кашкар Жунушалиев Москвада Самат Курманкуловго сыйлыгын тапшырган.