30-декабрдан тарта, Кыргызстан боюнча мамлекеттик жана менчик нотариалдык мекемелерде автоматташтырылган "Электрондук нотариат" долбоору тесттик тартипте ишке кирет. Бул туурасында Юстиция министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты.
"Тест эгер аталган долбоорду ишке ашырып жатканда кандайдыр бир кемчиликтер байкалса, иштеп чыккандар кайрадан карап, анын туура эмес жерлерин оңдош үчүн жасалууда", — деп айтылат маалыматта. Министрликтен буга чейин мамлекеттик нотариалдык мекемелерге жабдуулар берилгенин айтышты. Андан сырткары, жеке жана мамлекеттик нотариустар автоматташтырылган электрондук нотариат маалымат тутуму боюнча окутуулардан өткөн.