POST1RIGHT
Бишкек шаарындагы Жаш Гвардия менен Киев көчөсү кесилишкен жердеги жолдо люктун капкагы жок, ачык турат. Бул тууралуу окурман "Элдик репортер" рубрикасына WhatsApp аркылуу билдирди.
Мына мынтип видеодо көрүп тургандай унаалардын дөңгөлөктөрү кирип кетип жатат. Эми бул канчакыга чейин турат. Сөзсүз эле кырсык болгондо гана кыймылдап башташабы?- деп ачууланган автор.
Эгер сиз да ушул сыяктуу орчундуу көйгөйлөргө, чечилбеген маселерлерге, кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.