Милиция Жаңы жылдык майрамдарга байланыштуу бүгүндөн тарта күчөтүлгөн тартипте иштей баштады.
Ички иштер министрлигинин маалыматына караганда, мындай тартип 1-январга чейин уланат. Максат - коомдук тартипти сактоо жана элдин коопсуздугун камсыз кылуу. Жалпысынан республика боюнча 10 миң ички иштер кызматкери коомдук тартипти сактоо иштерине тартылат. Бишкекте 2 миң милиционер иштейт.