POST1RiGT
Бишкек шаарындагы Лев Толстой 70 А дарегинде жайгашкан "Гунел Плюс" айнек, пластик чыгарган заводдон чыккан кара түтүн шаарды каптап жатат,- деген автор "Элдик репортерго" билдирүү жөнөткөн. Мындан чыккан кара түтүн көчөнү жана жугуштуу оорулардын республикалык клиникасын каптайт. Күнү-түнү ушундай көрүнүш. Экологияны дал ушундай заводдордон чыккан түтүндөр булгап жатат. Тийиштүү органдар чара көрүшүн өтүнөбүз,- деген автор.
Эгер сиз да ушул сыяктуу орчундуу көйгөйлөргө, чечилбеген маселерлерге, кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.