Сумсар шаарчасындагы каттоо кызматы эмне үчүн жабылып калды?
Новость

POST1RIGHT

Чаткал районундагы Сумсар шаарчасындагы каттоо кызматы белгисиз себептерден иштебей калганына нааразы болгон тургундар "Элдик репортер" рубрикасына видео тартып жөнөтүшкөн. Бул Ала-Бука райондук филиалынын Сумсар байланыш бөлүмүнүн мамлекеттик күркө иштеп жатканда элге бир топ жеңилдиктер болуп жаткан. 10 күнгө жетпей, документ иштери бүтүп, элдерге ыңгайлуу шарт түзүлүп жаткан. Кубанычыбыз көпкө созулбай эле, белгисиз себептерден каттоо кызматы жабылып калды. Азыркы учурда себебин билбей жатабыз. Документтерин тапшырып койгондор, орто жолдо калды. Эмне үчүн жабылып калды? Эмне үчүн элге түзүлгөн шарт бузулду? -деп тургундар билдирүү жөнөтүшкөн. 

Эгер сиз да ушул сыяктуу орчундуу көйгөйлөргө, чечилбеген маселерлерге, кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.