Бүгүн жана эртең Кыргызстандын тоолуу аймактарында кар көчкү жүрүшү ыктымал. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматынан билдиришти. Туруксуз аба ырайы энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана мал кармоону кыйындатат. Катуу жаан-чачын жааган убакта автожолдордо көрүү аралыгы төмөндөп, унаа кыймылы татаалдайт. Мындан улам Бишкек — Ош унаа жолунун Төө-Ашуу, Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы, Мырзаке — Кара-Кулжа — Алайкуу унаа жолунун 45-115-чакырымдарында, Ала-Бука — Каныш-Кыя унаа жолунун 68-99-чакырымдарындагы Чапчыма ашуусу, Красная Горка — Ак-Таш унаа жолунун 1-4-чакырымдарында кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот.
ӨКМ унаалардын ортосундагы 500 метр аралык чектелиши зарыл экенин эскертти.
KTRK/videograp