Кибер коопсуздук чөйрөсүндөгү адистер WhatsApp тиркемесинен “жаңы жылдык вирус” аныкташты. Анда, Хакерлер майрам алдындагы эс алуу күндөрүн пайдаланып, эң жөнөкөй системаны колдонушаары айтылды. Адистердин айтымында, чабуулчулар кат аркылуу шилтеме жөнөтүшөт.
Аны ачкандан кийин жеке маалыматка жана файлдарга кирүүгө мүмкүн болгон мобилдик түзүлүштүн же компьютердик вирустун жугуу тобокелдиги пайда болот. Мындан улам атайын адистер, WhatsApp колдонуучуларын белгисиз бирөөлөрдөн келген шилтемелерди ачпоого жана андай колдонуучуларды кара тизмеге киргизип коюуга чакырат.