Көчөнү жарыктандыруучу 380 вольттук электр тогу бар лампа ачык турат
Новость www

Фрунзе айыл өкмөтүнө караштуу Комсомол 2 айылынын тушундагы көчөнү жарыктандыруучу 380 вольттук лампаны унаа коюп кеткенден кийин ордунда зымы калган. Жергиликтүү тургундун билдирүүсүндө бул зымда 380 вольттук электр тогу бар.   

"Бишкектен "Манас" аэропортун көздөй бараткан чоң трассанын боюндагы бул торшерди бир жыл мурда унаа коюп кетип, ушунтип зымы турат. Бул жердин айланасында элдер жашагандыктан, бала-чака бул жерден көп өтөт. Кимдир бирөө кармап алып, ток урса ким жооп берет?",- деп суроо калтырган автор.