Жергиликтүү тургун мыйзамсыз таштанды таштоочу жайды тазалатууну сурайт
Новость www

Сокулук районуна караштуу Бишкектен "Манас" аэропортуна бараткан жолдун боюндагы Комсомол 2 айылы, Жашыл шаарча конушунан 200 метрден кийин эле мыйзамсыз таштанды таштоочу жай башталат. Эки жылдан бери бул жердеги таштанды тазаланбай келет, - дейт айыл тургуну. 

3-январда тартылган тасмада көрсөтүлгөндөй, уруксаат берилбеген таштанды таштоочу жайда тамак-аш калдыктарынан тартып, унаа тетиктерине чейин ыргытылган. Ошондой эле, эгин талаасын сугаруучу цемент арыктын ичи таштандыга толуп калган. 

"Ушул таштандыны тиешелүү тараптар айып салып төктүрбөй, ушул жерди тазалатып салса жакшы болмок",- дейт айыл тургуну.