Базар-Коргондогу оорукана жайгашкан жерге менчик үйлөр курулууда
Новость www

Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районуна караштуу Арстанбап айылындагы оорукана 37 соток жер аянтында жайгашкан. Оорукана жайгашкан жердин госактысы, кызыл китеби жок болгондуктан жеке жактар жерди менчиктештирип алышкан. Оорукана айланасындагы бейтаптар үчүн эс алуу бакчанын, короонун бир топ бөлүгүнө менчик үйлөр, курулуштар курула баштаган. 

"Мындай көрүнүшкө ким жол берип, ким саткан? Келечек үчүн бул оорукананын 37 соток жерин, мындагы табиятты мамлекет кайтарып алышы керек",- дейт автор.