"Долондон Нарын облусуна түшкөн капталында тоолордун арасында мөңгү, таза суулар бар. Ошол суунун ичинде даараткана жайгашып, суу менен кошо тоңуп калган. Эми жаз келип бул суулар ээрисе, суу менен кошулуп бардыгы ылдый көздөй агат. Долондон бул суудан биз ичип, бети-колубузду жууйбуз. Ушул кантип болсун, сайдын ичине даараткана куруп коюшуп, анысы минтип тоңуп. Кийин ээригенде суу менен аралашып кайра эле өзүбүз ичет экенбиз. Ушуну бир карап, көзөмөлдөп койгон киши барбы?",- деп автор суроо калтырган.