Балдар мамлекеттин колдоосуна ар дайым муктаж
Новость КТРК

POST1RIGHT Кыргызстандын калкынын дээрлик 37 пайызын балдар түзөт, же алардын саны эки миллион 100 миңден ашык. Бул жалпы калктын санынын үчтөн биринен көп, башкача айтканда Кыргызстан жаш өлкө болуп саналат. Жашоонун маңызы болгон балдар мамлекеттин колдоосуна ар дайым муктаж. 

Бул багытта 2020-жылды "Региондорду өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылы" деп жарыялоо тууралуу мамлекет башчысы кыргызстандыктарды жаны жылы менен куттуктап жатып билдирген.