Иран бийлиги 9-январды мамлекеттик аза күтүү күнү деп жарыялады. Бул тууралуу өлкө бийлигинин расмий өкүлү Али Раби билдирди. Маалыматка ылайык, Иран эки окуяга байланыштуу аза күтүүдө. Мындай чечим генерал Касем Сулеймани менен коштошуу зыйнатында адамдар тебелендиде калып өлгөнүнө байланыштуу кабыл алынган.
Ирандын Керман аймагында өткөн коштошуу зыйнатында 56 киши каза болгон. Андан сырткары, аза күтүү Иранда кырсыктаган украиналык Boeing 737 учагында өлгөндөргө арналат. Тегерандагы авиакырсыктан 180 адам каза болгон.