Бишкекти калың түтүн каптаганы коомчулуктун тынчсыздануусун жаратты. Адистердин пикиринде, шаардын булганышына унаалардан чыккан газ жана кыш мезгилинде көмүрдүн көп жагылышы себеп болууда. Шаар бийлиги айрым тургундардын кездеменин өөндөрүн, желим буюмдарды жагаарын айтып коңгуроо кагууда. Мунун баары абанын булганышына алып келүүдө. POST1RIGHT
Соңку кезде Бишкек шаарынын ышка чулганып жатышы коомчулукта кооптонууну жаратты. Баш калааны 50гө жакын жаңы конуш курчап турат, алардын басымдуусу көмүр менен жылытылат. Ошондой эле, Бишкекке кирип-чыккан унааларды кошо эсептегенде жарым миллиондон көп унаадан чыккан газ калаанын булганышына алып келет. Экологдор бийик курулган үйлөр да шаардын дем алуусуна оорчулук алып келээрин белгилеп келишет.
Андан тышкары, абанын булганышына Бишкек ЖЭБнин таасири бар деген да пикирлер жок эмес. Бирок, анда иштеген адистер атмосферанын булганышына ЖЭБди кошуу туура эместигин айтышат. Анын себеби, биринчиден түтүн чыкчу мордун бийиктиги эл аралык талапка жооп берет жана ага чыпкалоочу жабдуулар коюлган.
ЖЭБ жылына 1 миллион тоннадай көмүр керектейт. Келген көмүр майдаланган соң ташылып келип, буу казандарга жеткирилет. Буга чейин дал ушул жердеги иш процесинде чаң сапырылып турган. Күз айларында жүктү түшүрүү үчүн телескопиялык жабдуулар коюлган. Жаңы жабдуулардын жардамы менен чаң чыкпайт. Бул жумушту аткарууга алты жыл даярдык көрүлгөн.
Бишкек ЖЭБин модернизациялоонун алкагында жасалбай калган химиялык цех быйылкы кышка даяр болгон. Азыр жаңы жабдуу толук кандуу иштеп жатат.