Ысык-Көлдө тубаса жүрөк оорусу менен жабыркаган эки балага операция жасалды
Новость KTRK/videograp

Ысык-Көл облусунда тубаса жүрөк оорусу менен жабыркаган эки балага операция жасалды. Операция Саламаттыкты сактоо министрлигинин "Жүрөк хирургиясын аймактарда өнүктүрүү" долбоорунун алкагында Жүрөк жана органдарды алмаштыруу институтунун дарыгерлери тарабынан жасалды. Аталган долбоорду Кореянын эл аралык кайрымдуулук фонду колдоого алып, каржылаган. Долбоор 2019-жылдан баштап иштейт. Жыл ичинде Баткен жана Ош облустарындагы балдарга операциялар жасалган. Адистердин билдирүүсүндө Кыргызстанда беш миңден ашык бала ушул сыяктуу операцияга муктаж.

"Операцияны саат ондо баштаганбыз биринчисин. Бул жерде бир гана дем алдыруу аппараты болгондуктан бирден жасалды. Экинчиси да ийгиликтүү өттү. Саат беште экөөнү тең жыйынтыктадык. Операцияларды аймактарда кылсак болот экен. Бирок көп медициналык аппараттар жетишпейт экен. Бирок реанимация бөлүмү, башкасы баары дайын экен",- деди Жүрөк жана органдарды алмаштыруу институтунун тубаса жүрөк кемтиги бөлүмүнүн башчысы Самидин Шабыралиев.  

"Республикадагыдай эле бизде да жүрөк оорусу биринчи орунда турат. Азыр жүрөк кемтиги менен жабыркап операцияга муктаж жүздөн ашык бала кезекте. Биз министрлик менен кеңешип операция жасатып жатабыз. Бул долбоордун алкагында эми бул дарыгерлер ай сайын колдон келсе келип беребиз деп атышат. Бара бара бул өзүбүздө жүрөк хирургия бөлүмүн түптөйбүз деген аракеттер бар",- деди Ысык-Көл облустук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун директору Мирбек Сагымбаев.