Жогорку Кеңештин депутаттары үй-бүлөдөгү зордук-зомбулук үчүн айып пулду 100 миң сомго чейин көтөрүүнү демилгелеп чыгышты. Бул багыттагы “Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жанакоргоо жөнүндө” мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоору биринчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.
Документ жоруктар жөнүндө жана жазык-процесстик кодекстеринин ченемдерине ылайык келтирүү максатында иштелип чыккан. Айрым депутаттар муну менен катар өз балдарын зордуктаган кылмышкерлерди өлүм жазасына тартууну сунуштады.
Укук коргоо органдарынын дарегине да сындар айтылып, үй-бүлөлүк зомбулукка туш болгон жарандар арыз менен кайрылса салкын мамиле менен узатылары айтылды.
Рахат Кыдыртоктоева, "Биринчи радио"