Балдардын психологиясына терс таасирин тийгизе турган сайттарга бөгөт коюуучу мыйзам долбоору иштелип чыкты. Коомдук уюмдар тарабынан иштелип чыккан мыйзам долбоорунун максаты 18 жашка чейинки балдардын зыян контенке ээ болгон интернет булактарына кирүүсүн тыкыр көзөмөлгө алуу болуп саналат.
Психолог жана ата-энелер дагы бул мыйзамдын ишке ашышын колдоп, оң жыйынтык берерине ишеним артышууда. Долбоор азыр коомдук талкууда.
Урмат Жээнбеков, "Биринчи радио"