POST1RIGHT
Сокулук районунун Новопавловка айылындагы Школьная көчөсүндө Чыңгыз Айтматов атындагы мектептин артына бала бакча ачылган. Бул бала бакчанын эшигин көчөдөн чыгарып койгон, болбосо мектептин аркы бетинде кирип чыкканга жол бар. Эми бул бала бакча келген унаалар көчөнүн жолун тороп, каалаган жерине токтотуп туруп алышат. Эртең менен жолдон өтө албай тургундар убара тартып жатышат. Буларга чара көргөндөр барбы?- деп ачууланган автор.
Эгер сиз да ушул сыяктуу орчундуу көйгөйлөргө, чечилбеген маселерлерге, кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.