POST1RIGHT
Түп районундагы Чоң-Тогузбай айылынын шыйпыр жолу качан оңдолот деген автор "Элдик репортерго" видео тартып жөнөткөн. Бул жол эч эле оңдолбой койду. Качан гана чоңдор келерде сүрдүрүп кетишет. Ал эми башка күндөрү келип сүрдүрүп койгон эч ким жок. Айыл тургундары бир топ эле түйшүк тартып жатабыз. Улам унааларыбыздын тетиктери бузулат, кайра аны оңдотобуз. Карапайым элде кайдагы акча болсун. Жогору жактагылар качан элдин көйгөйүн ойлошот экен,- деген айыл тургуну.
Эгер сиз да ушул сыяктуу орчундуу көйгөйлөргө, чечилбеген маселерлерге, кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.