POST1RIGHT
Ак-Босо конушундагы канал таштандылардан тазалды, бирок тегерегиндеги 20 жыл мурун тигилген бак-дарактарды кыйып салышты деген конуштун тургуну "Элдик репортерго" билдирүү жөнөткөн. Айыл өкмөт каналды тазалатып жатат. Эмнегедир эскертүүсүз эле бак-дарактарды тамыры менен кыйып туруп, мына мынтип таштап кетти. Таштандыларды чыгарбастан эле сайдын жээгине эле көмүп салып жатышат. Ал эми каналдын жээктери айыл өкмөт тарабынан сатылып кеткен. Ал жерлерге үйлөр салынган. Бул конушта коррупция курч,- дейт автор.
Эгер сиз да ушул сыяктуу орчундуу көйгөйлөргө, чечилбеген маселерлерге, кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.