POST1RIGHT
Түп районунун Талды-Суу айылында электр түркүктөр жана чубалгылардын эскилиги жетип кооптуу абалда турат. Бул тууралуу аталган айылдын тургуну "Элдик репортер" рубрикасына билдирүү жөнөткөн. Бул электр түркүктөрү союз мезгиленен калган. Чирип түбүнөн башына чейин араң эле турат, ал эми чубалгылары улам-улам үзүлөт карапайым эл өзү бирин-бирине туташтырып эптеп жарык көрүп келишүүдө. Электр кызматкерлерине айтсак, электр түркүгүнө чыга албайбыз, чирип араң эле турат,- деп жооп беришет. Качанкыга чейин ушундай абалда тура берет. Же сөсүз0 эле кырсык болгондо гана бийлик карайбы,- дейт билдирүү жөнөткөн автор.
Эгер сиз да ушул сыяктуу орчундуу көйгөйлөргө, чечилбеген маселерлерге, кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.