POST1RIGHT
Бишкек шаарындагы Ибраимова көчөсүндөгү №33 турак үйүндө лифт улам-улам өчүп турат,- деген шаар тургуну "Элдик репортер рубрикасына видео тартып жөнөткөн. Бизде эки күндүн биринде ушинтип лифт өчөт. Эмне үчүн иштебеген лифт үчүн биз айына акча төлөшүбүз керек? Тилекке каршы бул маселеге эч ким көңүл бурбайт. Бул жерде оорукчандар, кары картандар жашайт. Алар үчүн өйдөгө чыгуу кыйынга турат. Бул турак үй жалпы 9 кабаттан турат. Биз болсо 8чи кабатында жашайбыз. Ушул маселени мэрия тараптан бирөө жарым маселени чечип берсе,- деген шаар тургуну.
Эгер сиз да ушул сыяктуу орчундуу көйгөйлөргө, чечилбеген маселерлерге, кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.