Кулиев көчөсүн каптаган канализациянын саркынды суусу
Новость

POST1RIGHT

Бишкек шаарынын Краснознаменный көчөсү Кулиев менен кесилген көчө, ушул жерден менчик канализация өткөн. Ушул менчик канализациянын үстүнөн ишкер көп кабаттуу батир салып, канализациянын үстүнөн бетон куюп, бийик дубал салып тосуп алган. Ал канализация толуп тазалаганга мүмкүнчүлүк болбой жатат. Көчөнү бойлоп канализациянын суусу Кулиев көчөсүнө чыгып жагымсыз жыттанып жатат. Биз экотехинспекциясына жана Биринчи май акимиятына кайрылдык, бирок эч кандай чара колдонушкан жок. 15тен ашык үйдун тургуну мыйзамсыз менчик канализацияга кошуп алышкан. Алардын көбүнчөсү мейманкана, батир, мончо кылып иштетишет. Сотко да бердик анын чечимида чыккан мыйзамсыз кошулган деп ага деле баш ийбеди,- деген автор "Элдик репортерго" видео тартып жөнөткөн. 


Эгер сиз да ушул сыяктуу орчундуу көйгөйлөргө, чечилбеген маселерлерге, кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.