Кытайда 17 киши коронавирустан көз жумду. Бул туурасында РИА Новости жазды. Азыркы тапта ал 25 провинцияга жана ири шаарларга тарады. Өлкө боюнча сыркоологондордун саны 473 адамга жетти. Ал эми вирус алгач пайда болгон Хубэй провинциясында 444 киши ооруп жатат. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму кырдаалга баа берүү үчүн өзгөчө кырдаалдар боюнча комитеттин жыйынын өткөрөт.
Адистер башка өлкөлөргө кандай аракеттерди көрүү керектиги боюнча кеңеш бермекчи. Дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрү аба майданындагы текшерүүнү күчөтүштү. Эскерте кетсек, декабрдын аягында Ухань шаарынын Хубэй провинциясында белгисиз өпкө оорусунун жайылганы байкалган. Адистер дарттын козгогучу коронавирустун "2019-nCoV" деп аталган жаңы тиби экендигин божомолдошууда.