Чек ара маселесин талкуулоо үчүн Тажикстандан делегация келди
Новость KTRK/videograp

Кыргыз-тажик чек ара маселесин талкуулоо үчүн Тажикстандын делегациясы Бишкекке келди. Бул тууралуу маалымат жыйынында Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков билдирди. Анын айтымында, учурда эки мамлекеттин ортосунда чек араны тактоо жана тилкелерди алмашуу тууралуу сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Эскерте кетсек, Кыргызстан менен Тажикстандын мамлекет башчылары дагы аталган маселе боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн.