Президенттин катышуусунда Коопсуздук кеңешинин кезектеги жыйыны башталды
Новость KTRK/videograp

"Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында президент Сооронбай Жээнбековдун катышуусунда Коопсуздук кеңешинин кезектеги жыйыны башталды. Коопсуздук кеңешинин 2018-2019-жылдары өткөрүлгөн жыйындарында кабыл алынган чечимдеринин ишке ашырылышынын жүрүшү каралат. Тактап айтканда, Коопсуздук кеңештин 2018-жылдын 8-февралында кабыл алынган "Кыргызстандын сот, көзөмөл жана укук коргоо органдарында коррупцияга каршы күрөшүү боюнча олуттуу чаралар жөнүндө", 2018-жылдын 14-декабрындагы "Кыргызстанды санариптик өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө", 2019-жылдын 30-январындагы "Кыргызстандын кен казуу чөйрөсүндө коопсуздукту камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө" чечимдеринин аткарылышы каралат. 

Мындан тышкары, Кыргызстандын стратегиялык объектилеринин тизмегине сунуштар талкууланып, жыйынтыктары боюнча Коопсуздук кеңешинин чечими кабыл алынат.