Коронавирус Кыргызстанда катталган жок
Новость www

POST1RIGHT

Республикалык Жугуштуу оорулар ооруканасына коронавирус илдетин жуктурган бейтап келип түштү деген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

Министрлик Кыргызстандын аймагында коронавирус жуктурган учур катталбаганын, вирустун алдын-алуу чаралары көрүлгөнүн билдирди.
Ошондой эле министрлик ар кандай вирустарды жуктурап албоо үчүн колду дайыма самын же курамында спирт бар каражат менен жууп турууну, чүчкүргөндө же жөтөлгөндө оозду жана мурунду кол же кагаз сүлгү менен жабуу, дене табы көтөрүлүп, жөтөлүп жаткан адамдардан алыс болууну, чала бышкан эт азыктары ,жумуртка менен тамактанбоону, жапайы жаныбарлар жана куштарга жакындабоону сунуштайт.