Саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев “Манас” эл аралык аэропортундагы санитардык-карантин пункттарынин ишин текшерди. 23-январдан 1-февралга чейин "Бишкек-Үрүмчү" каттамы Кытайдын Жаңы жыл-Жаз майрамына байланыштуу токтотулганына карабастан, аба майданында санитардык-карантин пункттары күчөтүлгөн тартипте иш алып барууда.
Башка өлкөлөрдөн келген каттамдар күнү-түнү көзөмөлгө алынып, жүргүнчүлөр текшерилүүдө. Саламаттык сактоо министрлиги санитардык көзөмөлдү кылдат жүргүзүп, ыкчам түзүлгөн штаб менен байланышта болуп турууну тапшырды.