Кытай лидери Си Цзиньпин коронавирус боюнча жыйын өткөрдү
Новость KTRK/videograp

Кытай лидери Си Цзиньпин коронавируска байланыштуу көзөмөлдү күчөтүү жана жайылуусун алдын алуу чараларын көрүү максатында Коммунисттик партиянын Борбордук комитетинин Саясий Бюросунун отурумун өткөрдү. Саясий Бюронун мүчөлөрү вирустун жайылышын көзөмөлдөө жана профилактика боюнча иштерди координациялоого жооп берүү үчүн жумуш топ түзүү тууралуу чечим кабыл алышты.

Кытайдын Бээжин, Шанхай шаарларында да бул тумоо жайылып жатканы айтылууда. АКШ, Тайланд, Түштүк Корея, Жапония, Автсралия, Францияда ооруну жугузгандар аныкталган. АКШ Ухань шаарындагы дипломатиялык кызматкерлерин чыгарууда. Канадада бул ооруну жуктурган бир киши катталды. Москвада 7 киши коронавирус боюнча шектүү катары ооруканага жаткырылды. Ал эми Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлиги Ухань шаарында кыргызстандык 5 жаран бар экенин, алар вирусту жугузбаганын, саламаттыгы жакшы экени маалымдашты. 

Кытайдын бир топ ири шаарларында коомдук транспорт токтоп, элдин ары-бери барышына чектөө киргизилди. Гонконгдо да оору катталгандыктан, вирус боюнча чукул кырдаал жарыяланды. Шанхайдагы бир күндө 100 миң киши кирген Диснейленд, Гонконгдогу Океан паркы, кинотеатрлар жабылды.