Өзбекстандын Тышкы иштер министри Абдулазиз Камилов Кытайдын Ухань шаарындагы өзбекстандык 30 студентти алып кетүүгө убада берди. Уханьда жалпы 250 өзбекстандык студент бар. Алардын көпчүлүгү семестрдин аякташына байланыштуу мекенине кайтып келишкен.
Эскерте кетсек, Кытайдагы коронавирустан 56 адам каза таап, бул илдет дүйнө жүзүндө 2 миңден ашык кишиге жукканы маалым болду. Кытайдын бир топ ири шаарларында коомдук транспорт токтоп, элдин ары-бери жүрүшүнө чектөө киргизилди.