Бразилиянын түштүгүндөгү суу ташкынынан 57 адам каза болду
Новость KTRK/videograp

Бразилиянын түштүгүндө болгон суу ташкынынан бери дегенде 57 адам каза болду. Алардын 48и табигый кырсыктын очогу болгон Минас-Жерайс аймагында апаат болгон. Расмий маалыматтарга караганда, дагы 19 адам дайынсыз жоголууда. 110 жылдан бери биринчи жолу тынымсыз жааган жаандан улам, бийлик Минас-Жейрас штатынын 99 шаарына өзгөчө кырдаал абалын жарыялады.