Дүйнөлүк дарыгер-окумуштуулар Кытайда пайда болгон коронавирустун вакцинасын табуу менен алектенишүүдө. Бул багытта Американын окумуштуулары аталган илдеттин вакцинасын алдыдагы үч айдын ичинде сынап көрүү үчүн даяр болорун билдиришти. Маалыматтарга караганда, курч кармоочуу респиратордук вирустук инфекциянын вакцинасы 20 айдын ичинде даярдалган.
Азыркы учурда өнүгүүлөрдүн натыйжасында башка вирустук оорулардын вакцинасын өндүрүү 3 айды талап кылат. Америка менен Кытайдын медициналык мекемелери жаңы илдетке каршы вакцина өндүрүү үчүн кызматташып жатышат. Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму Кытайдан чыккан вируска байланыштуу эл аралык өзгөчө абал жарыялоого али эрте деп билдирди.
KTRK/videograp