Коронавирус чыккан Ухань шаарында Кыргызстандын 15 жараны бар
Новость dw.com

Кытайдын коронавирус чыккан Ухань шаарында Кыргызстандын 15 жараны бар. Алардын 14ү студент жана бирөө жеке ишкер. Бул тууралуу Тышкы иштер министринин орун басары Нуран Ниязалиев өкмөттүн жыйынында билдирди. Анын айтымында, аталган шаарда жалпы жонунан 50 кыргызстандык болгон. Каникулга байланыштуу алардын көпчүлүгү Кыргызстанга кайтып келишкен же Кытайдын башка шаарларына чыгып кетишкен. 

Министрлик азыркы тапта Уханда жашап жаткан кыргызстандыктар менен тез-тез байланышууда. Кытай бийлиги Ухандагы чет өлкөлүк жарандарды алып чыгып кетүү боюнча чечим кабыл ала элек. Азыркы тапта Борбор Азия өлкөлөрүнүн Уханда жашап жаткан жарандарын алып кетүү иштери каралууда. Биздин жарандарыбыздын ичинде коронавируска чалдыккандар жок, - деди Ниязалиев.