Кыргызстандын аймагында коронавирус жуктургандар катталган жок. Ооруну алдын алуу боюнча ыкчам штаб түзүлдү. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өкмөттүк жыйында айтты. Аэропорттордо адамдын дене табын текшерүүчү тепловизорлор колдонулууда. Кошуна мамлекеттер менен чек арада кошумча 22 көзөмөл-өткөрмө бекеттеринде санитардык көзөмөл пункттары уюштурулду. 23-январдан баштап Кытай менен каттам токтоду. “Торугарт” жана “Эркеч-Там” бекеттери Кытайдагы Жаңы жылга байланыштуу жабылган, бирок чектөө күчөтүлдү.
Ал жерде адамдардын кыймыл-аракети да, продукция ташып келүү да токтоду - деди өкмөт башчы. Кытай бийлиги оору күчөп баратканына тынчсызданууда. Маалыматтарга караганда, өпкөнү сезгентүүчү вирус тездик менен жайылып, Кытайдын өзүндө эле 2300дөй киши ооруга чалдыкты. Өлгөн адамдардын саны 80ге жетти. АКШда, Таиландда, Түштүк Кореяда, Австралияда, Канадада жана Францияда вирус жугузган адамдар аныкталды. Кытай лидери Си Цзиньпин жаңы жылдык куттуктоо учурунда вирус көзөмөлдөн чыкканын, абал оорлошуп баратканын моюнга алды. Кытайдын бир топ ири шаарларында коомдук транспорт токтоп, элдин ары-бери барышына чектөө киргизилди.
Кошумчалай кетсек, Кыргызстанда коркунучтуу вирус жугузгандар табылды, - деген маалымат чындыкка дал келбейт. Саламаттык сактоо министрлиги айрым адамдар социалдык тармактар аркылуу "Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасына коронавирус жугузган адам жаткырылды" деген маалыматты төгүнгө чыгарды. Саламаттык сактоо министрлиги өлкөдө жугуштуу илдетке кабылган эч бир адам катталбаганын дагы бир жолу эскертет. Бул үчүн атайын түзүлгөн штаб кырдаалга көзөмөл кылууда.
Ишемби күнү Кыргызстанда вирусту көзөмөлдөө максатында ыкчам штаб түзүлгөн. Анын курамына Саламаттык сактоо министрлигинин жана бир катар тийиштүү мамлекеттик органдардын адистери кирген. Штабдын мүчөлөрү Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун өкүлдөрү менен байланышып, ыкчам маалымат алмашып турушат. Коронавирустун алдын алыш үчүн кыргыз-кытай мамлекеттик чек арасынын бардык көзөмөл-өткөрмө жайларында, Бишкек жана Ош шаарларынын аэропортторунда оорунун белгилерин аныкташ үчүн дене табын аныктоочу жабдыктар орнотулду. Санитардык карантин пунктунун адистери бул жабдыктар менен Кыргызстанга Кытайдан жана башка өлкөлөрдөн келгендерди текшеришүүдө.
Жугуштуу оорулардын республикалык ооруканасында коронавирус аныкталган шартка даярдалып, атайын үч палата орнотулду. Дарыгерлер үчүн зарыл болгон коргоочу каражаттар сатып алынганы кабарланды.