Ала-Тоо конушу: маршруткада тыгылган эл, транспорт жетишсиз
Новость

POST1RIGHT

Бишкек шаарынын Ленин районунун Ала-Тоо -1 -2 -3 конуштарында жашаган тургундар транспорт маселеси боюнча "Элдик репортер" рубрикасына билдирүү жөнөтүшкөн. 

Конушта транспорт маселеси курч болууда. Себеби биздин конушта жашоочулардын саны абдан эле көп. Ал эми маршруттук каттамдардын саны аз. Эртең менен саат 07.00 дөн баштап 10.00 го чейин маршруттар маршруткалардын токточуу жайынан эле толуп калып, калган элдерге токтобой кетет. Мектеп окуучулары, жумушка барган тургундар жумушуна кечигип жатышат. Ал эми кечкисин үйлөрүнө кетиш бир түйшүк. Мурун №20 автобус жүрчү, белгисиз себептерден токтоп калган. Андан кийин да бир маршруттук каттам жүрүп жаткан, аны башка маршруттук каттамдар кысымга алып, жүргүзүшпөй койду. Анан мына бүгүнкү күнгө чейин элди кыйнап, жык кылып салып алып ташышат. Шаар мэриясынан суранат элек бизге №20 автобусту кайра каттатып беришин. Анан Ала-Тоо -1 менен Ала-Тоо - 3 конуштарынын чектешкен жериндеги темир жолдон өтүүчү жерди кеңейтип, жөө адамдар үчүн тротуар салып жана тез арада шлагбаум орнотпосо абдан эле коркунучтуу болуп калды,- деген конуштун тургуну. 

Эгер сиз да ушул сыяктуу орчундуу көйгөйлөргө, чечилбеген маселерлерге, кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18