POST1RIGHT
Ош облусунун Ноокат районунун тургуну "Элдик репортер" рубрикасына билдирүү жөнөткөн.
Ноокат районунун жетекчилигинин шалаакы мамилесинен же шаар тургундарынын өзүнөн өзгөнү сыйлабагандыгынан улам жашоочулар ичкен ичүүчү сайды булгап жатышат. Таза суунун жоктугунан, бул сайдан бир эле эмес көптөгөн айыл тургундары ичүүгө колдонулуп келет. Ошол себептен бизде аркандай оорулар көбөйүп жатат. Арал, Каракокту жана Капчыгай айылдарынын мектебин таза суунун жоктугунан окуучулар сайдын суусун ичип келүүдө.

Эгер сиз да ушул сыяктуу орчундуу көйгөйлөргө, чечилбеген маселерлерге, кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18