Кытайдын Ухань шаарында пайда болгон коронавируска кабылгандардын саны күн санап өсүүдө. Акыркы маалыматтарга караганда коңшу өлкөнүн өзүндө бул илдетке чалдыккандардын саны 3 миңге жакындады. Азиянын он чакты мамлекетинде жана Европа, АКШда да вирусту жуктуруп алгандар катталды. Кытайдын өзүндөгү кырдаал жана дүйнө жүзү илдетке каршы кандай чараларды көрүүдө?
Кытай дагы деле коронавирус менен күрөшүүдө. Илдет күн санап кулачын жайып, ушул тапта вирусту жуктуруп алгандардын саны 2800дөн ашты. Акыркы алынган маалыматтарга караганда оорудан 80 киши каза тапты. Вирустун очогу болгон Ухань шаары жабык. Калаадан чыгууга жана кирүүгө тыюу салынган. Шаар ичи бош, эч кандай кыймыл жок. Кытай бийлиги Уханьда азык-түлүк жана дары-дармек жетиштүү деген менен, интернетте тарап жаткан видеолордо адамдардын азык-түлүк, дарыканаларда дары-дармек талашып, ал эми бейтапканаларда жүздөгөн кишилердин кезекте турганын көрүүгө болот.
Мындан сырткары Кытайдын он чакты ири шаарларында шаар аралык каттамдар толугу менен токтотулуп, атайын унааларга - тез жардам же полициянын жол жүрүүсүнө гана уруксат берилүүдө. Маал маалы менен калаада дезинфекциялоо иштери жүргүзүлүүдө. Жапайы жаныбарлардын кандай гана түрү болбосун сатууга жана сатып алууга тыюу салынды. Мындай чара вирустун жугуу ылдамдыгын азайтууга болгон аракет катары көрүлүүдө.
Кытайдын өзүндө акыркы бир сутка ичинде вирустан жабыркагандар жана каза болгондордун саны кескин өстү. Бейтапканаларга бир түндө жугуштуу илдетке кабылды деген шек менен миңден ашык адам жаткырылды. Кытайлык дарыгерлердин айтымында, адамга вирус жукканы дароо билинбейт. Бул илдетке кабылган адамдын денесин алгач майда калтырак басат, алсыздык пайда болуп, кургак жөтөл күчөйт. 10 күн ичинде адамдын абалы начарлап, 10-14 күн ичинде дарт толук билинет. Азыр бейтапканаларда ооруга шектелгендердин бардыгы дарыгерлердин көзөмөлүнө алынууда.
Коронавирус дүйнө жүзү боюнча жайылып, Азиянын он чакты мамлекетинен- Түштүк Корея, Япония, Австралия, Тайвань, Непал, Таиландда, Ветнам, Сингапур жана Малайзияда, мындан сырткары Европадан Францияда, АКШ жана Канадада бирден экиден вирус жуктурган учурлар катталды. КМШ мамлекеттеринде азырынча бул илдетке кабылгандар жок. Кыргызстан коронавирусту алдын алуу үчүн илдетке каршы бардык иш аракеттерди күчөттү. Кытай менен бардык байланыштар - аба, авто жол каттамдары токтотулуп, чек аралар жабык турат. Чек арасын убактылуу Казакстан, Россия жана Монголия мамлекеттери да жапканы белгилүү болду. Ондогон өлкөлөрдө Кытайга аба каттамдар токтотулуп, анын ичинен туристтердин күн мурун алынган билеттеринин бардыгы артка кайтарылууда.
Андыктан коронавирус темасы учурда дүйнөлүк маалымат каражаттарында башкы тема болууда. Өпкөнү сезгентүүчү илдет декабрь айынын соңунда Ухань шаарында пайда болгону айтылат. Акыркы маалыматтарга ылайык, Кытайдын Ооруну көзөмөлдөө жана алдын алуу борборунун эксперттери деңиз азыктарынан алынган үлгүлөрдөн коронавирустун жаңы түрүн табышты. Вирусту таркатуучулар жапайы деңиз жаныбарлар экенин “Синьхуа” агенттиги билдирди. Уханьдагы "Хуанань" базарынын азыктарынан чогултулган 585 үлгүнүн 33үнөн коронавирустун нуклеин кислотасы бар экени маалым болгон.
Ухань шаарында 3 күн мурун 1000 кишиге ылайыкталган бейтапкананын курулушу башталып, ал бир жуманын ичинде, тактап айтканда, 2-февралда ишке берилиши керек. Уханда коомдук жайлар жарым жартылай иштеп жатат. Калаа жабылганга чейин 5 млнго жакын адам чыгып кеткен, азыркы учурда шаарда 9 млн адам бар. Кытайдын лидери Си Цзиньпин мамлекет абдан оор абалда турганын айтып, өлкөдө бардык маданий иш чаралар токтотулган. Учурда Кытайдын өзүнүн, ошондой эле дүйнө илимпоздору вируска каршы вакцинаны издөөдө.