Кытайда коронавирус жугузгандардын саны 6 миңге жетти
Новость KTRK/videograp

Соңку бир суткада Кытайдагы коронавирустун жаңы түрүнөн дагы 26 адам каза болду. Ал эми вирусту жугузгандардын жалпы саны 6 миңге жетти. Вирус жайыла баштагандан тартып жалпы 132 адам көз жумду. Анын 125и илдеттин очогу болгон Хубэй провинциясында катталды. 

Учурда илдетти жугузгандар менен мамиледе болгон 60 миңдей адам обочого алынды. Ал арада, алгач вирус таркаган Ухань шаарында ийгиликтүү эмделген 103 бейтаптын абалы жакшырып, ооруканадан чыгарылды. Кытай басылмасы белгилегендей, өпкө илдетинин жаңы түрүн жугузгандардын саны 2003-жылы катталган вирустан ашып кетти. 

Расмий маалымат боюнча, анда Кытайдын бир бөлүгүндө 5 жарым бейтап белгисиз өпкө дартына кабылып, анын 5 миңге жакыны айыкса, 349у каза болгон.