Гонконгдогу илимпоздордун тобу коронавируска каршы вакцина иштеп чыкты. Бул тууралуу Гонконг университетинин микробиологуна таянуу менен чет элдик маалымат булактары жазды. Маалыматта сыноо иштери бир нече айга созулушу мүмкүн экени, ал эми адамдарга клиникалык сыноого кеминде бир жыл кетери айтылат. Окумуштуулар кадимки сасык тумоого каршы вакцинанын түрүн өзгөртүп, ага коронавирустун антигенин кошушкан. Мындай вакцина илдеттин күчөшүнө жол бербей, өпкө оорусун шарттай турган коронавируска каршы турат.
"Биз вакцина иштеп чыктык. Алгач ал жаныбарлардын жардамы менен сыноодон өтөт. Бирок аны сыноо үчүн өтө узак убакыт керектелет”,-деди Гонконг университетинин жугуштуу оорулар кафедрасынын башчысы, профессор Юэн Квок-Юнг.