POST1RIGHT
Сокулук районуна караштуу Бишкектен "Манас" аэропортуна бараткан жолдун боюндагы Комсомол 2 айылы, Жашыл шаарча конушунан 200 метрден кийин эле мыйзамсыз таштанды таштоочу жай башталат. Эки жылдан бери бул жердеги таштанды тазаланбай келет, - дейт айыл тургуну.
Тасмада көрсөтүлгөндөй, уруксаат берилбеген таштанды таштоочу жайда тамак-аш калдыктарынан тартып, унаа тетиктерине чейин ыргытылган. Ошондой эле, эгин талаасын сугаруучу цемент арыктын ичи таштандыга толуп калган.
"Ушул таштандыны тиешелүү тараптар айып салып төктүрбөй, ушул жерди тазалатып салса жакшы болмок",- дейт айыл тургуну.
Эгер сиз да ушул сыяктуу орчундуу көйгөйлөргө, чечилбеген маселерлерге, кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.