Шейшемби күнү Пекинде Кытай Эл Республикасынын төрөгасы Си Цзиньпин Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун башкы директору Тедрос Аданом Гебреисус менен жолугушту. Анда Си Цзиньпин жаңы илдетти алдын алуу Кытайдын эң маанилүү милдети экенин жана өлкө аны ишенимдүү түрдө толугу менен жеңээрин билдирди.
Ошондой эле, Кытай өкмөтү кырдаалга жоопкерчилик менен мамиле кылып, өз убагында вирус тууралуу ачык жарыялаганы эл аралык коомчулук менен кызматташтыкты мындан ары да бекемдерин кошумчалады. Ал эми Тедрос Аданом Гебреисус өз кезегинде, Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму Кытайдын эпидемияга каршы аракетин колдоорун ошону менен бирге кызматташууну кеңейтүүгө жана бардык зарыл болгон жардамды берүүгө даяр экенин айтты.
www