POST1RIGHT
Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Баетов айылында 6 жыл мурун курулуп баштаган Эсенгул Карасартов атындагы орто мектеби тууралуу "Элдик репортерго" билдирүү келип түшкөн. Мектеп 2014-жылы 275 орундуу жаңы имаратты спорт залы менен бирге куруу иштери башталган. Курулуш иштери 2019-жылы сентябрь айларында бүткөн. Бирок азыркыга чейин мектептин ачылышы боло элек. Качан ачылышы болот белгисиз, - деген айыл тургуну.
Эгер сиз да ушул сыяктуу орчундуу көйгөйлөргө, чечилбеген маселерлерге, кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.