POST1RIGHT
Бишкек шаарындагы Манас көчөсүндөгү түнкү жарыктангычтардын түркүктөрү ачык эле турат. Чубалгылары көрүнүп, сыртка чыгып калган, кокус жаш балдар кармап алса эмне болот. Бирөө эле эмес бир канчасы ачык турат. Ким карайт, түндүк электр карайбы? Эмне үчүн кайдыргер мамиле жасашат, же булар кырсык болгондо гана иштешеби? Шаарыбыздын борбордук көчөлөрүндө ушундай көрүнүштөрдү көрөсүң,- деп ачууланган шаар тургуну.
Эгер сиз да ушул сыяктуу орчундуу көйгөйлөргө, чечилбеген маселерлерге, кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.