POST1RIGHT
Шамалды-Сайдагы Ленин менен Кыргызстан көчөсү кесилишкен жердеги жол өтө эле кооптуу. Себеби бул жолдо жол чырак бар бирок зебра, жол белгилери орнотулган эмес. Жол чырактын тегерегин таксистер тороп туруп алышат. Балдардын жолдон өтүшүнө бир топ эле кыйын. Бул жерде 3 мектеп бар. Ушул жолдон өтүшөт. Жол чырак коюлгандан бери 6 баланы унаа сүзүп кеткен. Айыл өкмөт кайдыгер карайт. Тартипке сала турган эч ким жок,- деген автор "Элдик репортерго" видео тартып жөнөткөн.
Эгер сиз да ушул сыяктуу орчундуу көйгөйлөргө, чечилбеген маселерлерге, кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.