Санарипти ишке ашыруу талабы
Новость www

POST1RIGHT “Акылдуу мектеп” долбоору быйыл сыноо иретинде 10 мектепте ишке киргизилет. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги кабарлады. Аталган долбоорду ишке ашырууга жасалган кош көңүл мамиле үчүн министрлик мамлекет башчысынын сынына кабылган. 

Президент мындан сырткары “Түндүк” тутуму аркылуу маалымат алмашуу да жетишсиз болуп жатканын белгилеген. Айрым мамлекеттик органдар тутумга кошулганы менен башка мекемелер менен өз ара электрондук байланышы жөнгө салына элек. Мындан улам Премьер-министрге айрым жетекчилерге чара көрүү сунушталды.