Адистер атмосферага көтөрүлгөн чаңды изилдеп көрүшкөндө азоттун диоксиди, коргошун, көмүр кычкыл газы, күкүрттүү газ өңдүү бир катар уулуу заттардын белгиленген нормадан ашып кеткени аныкталган. Мындай көрүнүшкө авто транспорттун көптүгү себеп болууда. Бийлик орун алган маселени чечүү боюнча иштерди баштады. Тактап айтканда, ири авто жол жээгинде жашаган элдин ден соолугуна мониторинг жүргүзүлүп, жыйынтыгы шаардын аба бассейнин жакшыртуу планынын негизин түзө турган болууда.
Мындан сырткары, автомотордун майын текшерүүдөн өткөрүү үчүн сатып алуу кызматына бюджеттен каражат бөлүндү. Бөлүнгөн каражат ошондой эле автомобиль бөлүп чыгарган уулуу заттын курамын аныктоочу көчмө аппаратты сатып алууга жумшалат. Маалыматтарга караганда, бүгүнкү күндө Алматынын көзөмөлүнө таза суу менен камсыздай турган булак алынган. Анын 43ү санитардык талапка жооп бербейт. 13 объектте сууну тазалоочу борбор иштебей, керектүү жабдыктар бузулган, же эскирген. Белгилей кетсек, Алматыдагы көрүнүш Бишкекте бир катар жылдардан бери болуп келет.
Гүлжан Каражанова, "Биринчи радио"