Коронавируска байланыштуу карантинге жабылган Ухань шаарында борбордук соода түйүндөр жабылып, коомдук транспорттор убактылуу токтотулду. Ал эми азык-түлүк саткан дүкөндөр менен дарыканалар күндөгүдөй иштеп жатат. Анткен менен жергиликтүү тургундар тынчсызданууда. Бирок кооптонуу жок экенин Кытайдын Жогорку окуу жайларынын биринде билим алып жаткан Азиза Сулайманова биздин каналга берген маегинде билдирди.
Өлкөнүн Тышкы иштер министрлигинин маалыматы боюнча, Ухань шаарында 15 кыргызстандык жаран бар. Алардын 14ү студент. Учурда Ухань шаарында билим алып жаткан мекендешибиз Азиза шаарда аэропорт, унаа жана темир жол бекеттери, коомдук транспоттор убактылуу токтотулганы менен абал туруктуу экенин айтат.
"Азыркы учурда Ухань шаарында абал жакшы эле. Эл өз иштери менен алек. Дүкөндөр менен дарыканалардан башка жайлар жабылды. Шаарга эч ким кире албайт жана сыртка да чыга алышпайт. Өзүбүздүн үйдө отурабыз. Эшикке чыга турган болсок бир гана дүкөнгө же дарыканага барабыз. Ошондой эле университет үч маал бекер тамак берет. Андан тышкары бизге маска, самын жана термометр беришкен. Күнүгө кечинде акыбалыбыз боюнча аларга отчет берип турабыз. Мамлекеттик органдар алдын алуу иштерди жүргүзүп жатат. Бүгун кечинде өзум көрдүм алар бардык жерди дезинфекция кылып жатышат",- деди Борбордук Кытай университетинин студенти Азиза Сулайманова.
Соңку маалыматтарга ылайык, Кытай Эл Республикасында билим алып жаткан 12 жаран Кыргызстанга келди. Алар атайын обочолонгон палаталарда болушат. Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиргендей, студенттердин саламаттыгы канааттандыраарлык, коронавирустун белгилери табылган жок.
“Кытайдан келген балдардын ден соолугу жакшы. Ооругандар жок. Учурда байкоодо турушат. 10 күндөн киийн балдар үйлөрүнө чыгарылат. Бүгүнкү күндө жаңы чыккан коронавирус 14 өлкөдө бирин-эки пайда болгону айтылып жатат. Алардын көбүнчөсү Ухань шаарына баргандар, жергиликтүү жашоочулар же турист катары баргандар. Биздин өлкөдө да саламаттыкты сактоо министрлигинде штаб түзүлдү. Ал жерде бардык министрликтин мүчөлөрү бар. Алар тийиштүү чараларды көрүп жатышат”,- деп билдирди Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин жугуштуу ооруларды көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы Динаргүл Оторбаева.
Учурда социалдык тармактарда аталган илдет боюнча үрөй учурган маалыматтар жугуштуу ооруларды көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы негизсиз экенин белгиледи. Өлкөдө мындай илдет менен ооруган адам катталган жок.
“Азыркы учурда соц.тармактар аркылуу ар кандай маалыматтар тарап жатат. Банан же башка азыктардан оору тарап жатат деген маалыматтар чындыкка дал келбейт. Биздин өлкөдө андай илдет менен ооругандар жок”,- деди Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин жугуштуу ооруларды көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы Динаргүл Оторбаева.
Ал эми, Тышкы иштер министрлиги Кыргызстандын Кытайдагы жарандары менен иштөөнү күчтөндүрүү жана алардын укуктарын, саламаттыгын коргоо үчүн зарыл болгон жардамдарды көрсөтүүнүн үстүндө иш алып барууда.