Бишкектин экологиялык абалын жакшыртуу үчүн программа иштелет
Новость KTRK/videograp

Бишкектин экологиялык абалын жакшыртуу үчүн илимий негизделген программа иштелип чыгат. Бул багыттагы тапшырманы Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев тиешелүү мекемелерге берди. Борбор калаадагы экологиялык абал шаардыктар жана шаардын тегерегиндеги жашоочулар үчүн бир кыйла олуттуу маселеге айланды. Ошону менен бирге, мамлекеттик органдардын, экологиялык уюмдардын жана илимий коомчулуктун өкүлдөрү тарабынан борбордун экологиясына таасирин тийгизген көп факторлор саналууда. 

«Биз үчүн ыкчам түрдө таасирдүү чараларды болушунча көрүү жана экологияны жакшыртуу максатында кырдаалдын начарлашынын себептеринин конкреттүү тизмесин аныктоо маанилүү. Биздин бардык күч-аракетибизди бириктирип, эксперттик жана илимий коомчулуктун өкүлдөрүн, демилгелүү жарандарды тартуу кажет. Бул максатта Биринчи вице-премьер-министрдин жетекчилиги алдында координациялык штаб түзүлгөн жана борбор шаардагы экологиялык кырдаалды жакшыртуунун стратегиялык программасы иштелип чыккан. Өкмөт бул документти сапаттуу ишке ашырууну камсыз кылат, биз баарыбыз экология чөйрөсүндөгү жакшырууларды сезүүбүз үчүн зарыл финансы каражаттарды табат», - деди Мухаммедкалый Абылгазиев.